Кыргызстан соңку үч айда 9 млрд. сом карызынан кутулду

Каражаттын жарымынан көбү ички карыздан кутулуу үчүн берилген. Ага удаа эле кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн көп суммада акча алып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында (январь-март) мамлекеттик карызын төлөөгө 8 миллиард 976,4 миллион сом сарптады. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.

Бюджет 30 млрд. сомго эңшерилет. Чет өлкөдөн насыялар кандай шартта алынууда
Анын ичинен 3 миллиард 934,9 миллион сому мамлекеттик тышкы карызга төлөнгөн. Ал эми 5 миллиард 041,5 миллион сому ички карызга жумшалган. Аталган сумманын баары республикалык бюджеттен которулган.

Февраль айындагы эсеп-чот боюнча өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 606 миллион 130 миң доллар экени маалым. Эгер азыркы валюта курсу менен эсептегенде болжолдуу түрдө 367 миллиард сом болот.

Аны бөлүп караганда төмөндөгүдөй:

  • Тышкы (башка мамлекеттерге жана эл аралык финансы уюмдарына бересебиз) карыз — 3 миллиард 860 миллион 870 миң доллар;
  • Ички (мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен алганда) карыз — 745 миллион 260 миң доллар.

Белгилей кетсек, коронавирустун кесепетинен Кыргызстандын бюджетине 30 миллиард сом түшпөй калары айтылган. Буга байланыштуу чет жактан 456,4 миллион доллар алууга макулдашылды. Бирок бул да жетишсиз, андыктан мамлекет дагы акча издеп жатат.