Стамбулдан дагы 349 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Сүрөт

ТИМ чет жактан келе албай жаткан жарандарды алып келүү иштери мындан ары дагы уланарын белгилеп өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында мекенине келүүгө аргасыз болуп турган кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Штаб: төрт миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтууну каалап жатат
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 24-апрелде, “Түрк аба жолдору” авикомпаниясынын учагы менен 349 мекендеш келди.

Мындай аракет президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы саммитиндеги кайрылуусунун арты менен ишке ашканы белгиленет. Анда мамлекет башчы мекенине кайта албай жаткан жарандарга колдоо көрсөтүү маселесин көтөргөн.

ТИМ чет жактагы жарандарды алып келүү иштери мындан ары дагы уланарын кошумчалады.

Коронавирустун кесепети

Стамбулдан алып келинген мекендештердин айрымдарынан коронавирус чыкты
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 656га жетип, анын дээрлик жарымы, 322си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.