Хайп десе айт дечү болдук! Чектен ашкан соцтармак колдонуучулар күйгүзгөндө

Соңку кезде социалдык тармактын айрым колдонуучулары, бөтөнчө видео менен жан баккан ютуберлер аркы-беркини эске албай, "аккаунтумду тескей турчу ай деген ажо, кой деген кожо жок" деп эле хайп үчүн акылга сыйгыс нерселерди жарыялоону адатка айлантып бараткандай. 
Sputnik

Мындай пикири менен бөлүшкөн колумнист Гүлдана Талантбекова социалдык желелерге катталгандардын чектен ашкан кадамдарына баам салып, эске ала турчу нерселерди жеткиргенге аракет кылды. 

"Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем"

Албетте, кайсы бир социалдык тармакка катталгандан кийин аны кантип иштетишти элден сурап, бир нерсе жазарда көпчүлүк менен кеңешип отурбайбыз. Бирок аккаунт меники деп эле болгон нерсенин бардыгын жаза бергенге болбойт. Сиздин кандайдыр бир билдирүүңүз катталуучулар арасында талаш-тартыш пикирди жаратып, элдин чоң темасына айланышы мүмкүн. Ошол себептен интернеттеги ар бир кадамыңызга жоопкерчиликтүү болсоңуз.

"Какой то чувак" же элди сыйлоо түшүнүгү

Кечээ жакында кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурап, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев дүйнө салды. Карантин болбогондо аны акыркы сапарга узатууга миңдеген киши чогулары шексиз эле. Ошентсе да жүздөн ашуун киши топурак салды, ананчы, калдайган талант кетип атса?..

Мен эч жакка кетпейм! Өлкөнү таштай качпай, жыргалчылыкты өзүбүз куралы
Иманалиевдин зыйнатындагы сүрөтүн бир интернет колдонуучу өзүнө жүктөп, карантинде эл көп чогулганына нааразычылыгын айтып, алп акынды "какой то чувак" каза тапты деди. Албетте, мен андайларды элин, маданиятын, үрп-адат, каада-салтын билбеген маңкурт деп атай албайм. Балким, ал бул нерселерди билүүгө милдеттүү эместир. Бирок ал соцтармактын колдонуучусу болгондон кийин кыргыз элинин кабыргасы кайышып, ичи эңшерилип турганын байкашы керек эле да. Аны деле билип, бирок "ишиңер эмне, өз оюмду айтам" дегендей текеберлигин көрсөтүп койгондой сезилди. Ошентсе да жалпы элди сыйлап койсо болмок. Биз бардыгыбыз эле кайсы бир адам тууралуу же коомчулуктагы айрым окуялардан кабардар болуп турууга милдеттүү эмес чыгарбыз, бирок ошол болуп жаткан нерселер тууралуу кенен маалыматың болбогондон кийин бир нерсе деп жазуунун өзү кооптуу. Ашкере сынга, күлкүгө же тепкиге каласың.

Ажал "угузгучтар"

Негизи өлгөн кишини алгач жакындарына, андан кийин жалпы элге угузуу керек дегенди бардыгыбыз эле билсек керек. Анан ушунчалык эле катталуучуларына угузууга далалат кылышабы, балким, эмоцияга ээ боло албай калабы же упай топтош керекпи, айтор, бирөөдөн уга калып эле соцтармактагы баракчаларына жаза калгандар бар. Атын деле атабайт. "Армандуу дүйнө, аттиң, кете берди..." деген сыяктуу бир сүйлөм менен деле жазып коё беришет. Элдер комментарийден чоо-жайын сураса, ага деле жообу жок.

Мындай учурда эске ала турчу нерселер бар. Мисалы, жакындары уктубу? Анын өлгөнүн кимдер кабарлап жатат? Ага жана кайсы бир ЖМКга канчалык ишенсе болот? Менин азыр бир нерсе деп жазганым канчалык маанилүү?

Өлбөгөнүн өзү тастыктаган кыз

Элеттиктерди бириктирген COVID-19. Айылдагы постко бир түн турган жигиттин баяны
Эсиңиздерде болсо керек, былтыр жергиликтүү ЖМКлар журналист кыз рак оорусунан каза болгонун жазып жиберишкен. Элдин бардыгы көңүл айта баштаган эле. Кызыгы, ал кыз эртеси тирүү экендигин өзү тастыктап, шишик оорусуна да чалдыкпаганын билдирген. Буларды угуп алып шок болгонун айтып, жалган маалыматтарды өчүрттүргөн. Бул да болсо тактабай маалымат тараткандын кесепети болсо керек.

Пикири "маанилүүлөр"

Албетте, коомчулуктагы окуяларга реакция кылуу өзүңүздүн ишиңиз, балким, милдетиңиздир. Соцтармактагы билдирүүңүз маанилүү да болуп чыгар. Бирок айрымдар кандай тема болсо да ашкере кайгырымыш эткен, маңдайы жарыла сүйүнгөн, күйүнгөн, ызырына сөгүнгөн, сындаган, деги койчу, миң түркүн билдирүүлөрдү жазууну адатка айланткан. Мунун арты кээде элдин оюн адаштырып, чаташтырып, арадай ишти чарадай кылып жиберет. Эң эле ачууну келтиргени — мунун бардыгы кээде жасалма экендиги сезилип турат. Анан да кыжырды кайнатканы — адамдын өлүмүнөн, кырсыгынан пиар кылабыз. Андайлар дапдаана эле көрүнүп калат. Кээ бирлерин көрүп, жашоодо булар ушундай эки жүздүүбү деп каласың. Алар хайп жараткысы келеби же билдирүүсүн маанилүү дейби, же элден калбаш керекпи, айтор, окшошсо-окшошпосо деле бир нерсени жазып калтырууну максат кылгандай сезилет.

Ютуберлер чектен ашканда...

Негизи материал көп окулушу үчүн аталышы кызыктуу болушу керектиги маалым. Анан видеого элди тартам деп эле айрым ютуберлер "бол, тез көр", "мына сага, ушинтип салды", "шок, шок" деген кыжырды кайнаткан сөздөрдү кошуп, ага оозун ачып, таң калып, кыйкырып жаткан эмоционалдуу быйтыкчаларды коюшат. Ушинтсе эле видео көрүлөт деп жатасыңарбы? Анан калса окурманды тартуу үчүн фонго укмуштуудай коллаждар менен фотошопторду жасашат. Жакында эле бир канал каза болгон таланттар Гүлбү Ороскул кызы менен Элмирбек Иманалиевдин сүрөтүн бириктирип, бири экинчисин тиги дүйнөгө алып кеткенин жазышыптыр. Эгер силер бул адамдарды сыйласаңар минтип көңүл иренжитмек эмессиңер. Бул видеонун аталышы соцтармакта талкуу болуп, блогер кыз сын айтып чыккандан кийин аталышы өзгөртүлгөн.

Анан ютуберлер кадр артында үн окуу менен видео берүүнү да кеңири жайылтып жатасыздар. Сураныч, кээ бир ЖМКлар үч күн даярдап чыгарган материалдарды үч мүнөттө окуурдан мурда шилтеме бериңиздерчи. Негизи бирөөнүн ресурсун уруксатсыз колдонбой эле койгон жакшы.

Жок дегенде балдардын бетин жабалы

Кызы менен атасы талаадан аялды сабаганда... Кайдыгерликтин жеткен чеги
Социалдык желеге эмне деген гана видеолор тарабайт. Алгач аны ким жайылтканын атайын органдар гана аныктабаса, чыккан түйүнүн табуу кыйын. Себеби ар ким өзү тарткансып биринен-бири көчүрүп жүктөй беришет. Социалдык тармактагы автордук укуктар тууралуу өзүнчө кеп болсо керек. Бир гана өтүнүч, балдардын зордук-зомбулук аралашкан видеосун саларда беттерин жашырып коюнуздар. Эртең чоңойгондо теңтуштарынан, элден кемсинип калбасын. Муну айтып жатканымдын себеби жакында эле өз баласын аёосуз сабаган атанын видеосу катуу талкуу болду. Ал окуяга ачуусу келгендер деле, келбегендер деле видеону бөлүшүп, кайра башынан жүктөп, баланын бетин көрсөтүп эле жатышты. Негизи мындай нерсеге пикириңизди билдиргиңиз келсе сөздүн деле күчү кетет. Же болбосо мындай көйгөйлөрдүн чечилишин кааласаңыз, реалдуу кадамдарга барыңыз.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.