Кыргызстанда 25 кишиден коронавирус аныкталды

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталган 656 учур катталды. Сегиз кишинин көз жумганы белгилүү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 25 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бирифнг учурунда билдирди.

Ушуну менен жалпы саны 656га жетти.

"Бишкекте алты, Чүйдө төрт, Ош облусунда үч, Ош шаарында үч, Нарында тогуз кишиден вирус табылды. Анын 10у медицина кызматкерлери", — деди Үсөнбаев. 

Ушу тапта жалпы Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.