БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Өлкөдө бир суткада коронавирустан 20 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 322 болду.
"24-апрелге карата Бишкекте төрт, Жалал-Абад облусунда сегиз, Ош шаарында сегиз бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Аларды ооруканадан чыгарарда тапшырган анализдери таза экендиги аныкталды", — Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 656 болсо, анын 322си айыкты. Коронавирус жуктуруп алган сегиз адам каза болду.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.