COVID-19 жуктургандар боюнча Ош биринчи орунда. Аймак боюнча статистика

Бүгүнкү күнгө Кыргызстанда 656 адам коронавирустук инфекция жуктуруп, алар Таластан башка облустун бардыгында катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош облусу коронавирусту жуктурган адамдардын саны боюнча биринчи орунда турат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматында айтылат.

24-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 656 учуру катталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев инфекцияга чалдыккан жарандардын жашы жана жашаган жери жөнүндө айтып берди.

Аймактар боюнча статистика:

  • Ош облусу — 157;
  • Бишкек — 147;
  • Жалал-Абад облусу — 109;
  • Ош шаары — 104;
  • Нарын облусу — 83;
  • Чүй облусу — 42;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Баткен облусу — 6.

Жаш курактары:

  • 15 жашка чейин — 75, алардын төртөө — бир жашка чейинки балдар (бир суткада сегиз учур болгон);
  • 16 жаштан 19 жашка чейин — 18 (суткада бир учур);
  • 20 жаштан 35 жашка чейин — 179 (суткада жети учур);
  • 36 жаштан 55 жашка чейин — 239 (суткада жети учур);
  • 56 жаштан жогору — 145 (суткада эки учур).

Коронавирус жуктургандардын саны эми төмөндөй баштайбы? Министрликтин жообу
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.