3000 доллар эмес! Коронавируска кабылган адамды дарылоого канча кетери айтылды

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус аныкталган бир бейтапты дарылоого болжол менен 3000 доллар сарпталып жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоонун орточо эсеби 8000 сомдон 120 миң сомго чейин. Бул тууралуу Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына таянып кабарлады.

Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус аныкталган бир бейтапты дарылоого болжол менен 3000 доллар сарпталып жатканын айткан.

Ал эми министрликтин маалымат кызматынын билдирмеси боюнча, дарылоого кеткен чыгым бейтаптардын абалынын оордугуна жараша эсептелет.

"Коронавирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоонун орточо эсеби 8000 сомдон 120 миң сомго чейин. Бул акчага дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгашалар кирет", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 656 болсо, анын 322си айыкты. Илдеттен сегиз адам көз жумду.

COVID-19: реанимацияга түшкөн прокуратура кызматкеринин азыркы абалы
Коронавирустан улам өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.