Пенсия, жөлөк пул алса болот. Бишкектин конуштарын көчмө кассалар тейлейт

27-30-апрель күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин жаңы конуштардын тургундары акча алуу, которуу, алмаштыруу, пенсия, жөлөк пул алуу сыяктуу банктык кызматтарды пайдаланса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштардын тургундары акча алуу, которуу, алмаштыруу, пенсия, жөлөк пул алуу сыяктуу банктык кызматтарды алардын көчмө кассалары аркылуу ишке ашырса болот. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Кызматтарды ар кайсы банктар 27-30-апрель күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин төмөндөгү жаңы конуштарда көрсөтөт:

  • Ак-Ордо конушу – "Айыл Банк";
  • Энесай конушу – "Бакай Банкы";
  • Ак-Өргө конушу – "Доскредобанкы";
  • Келечек конушу – "Доскредобанкы";
  • Ак-Тилек конушу – DemirBank;
  • Арча-Бешик конушу – "Кыргыз Инвестициялык – Кредит Банкы";
  • Ак-Босого конушу – "Керемет Банкы";
  • "Азиз" базары – "Керемет Банкы";
  • Красный Строитель конушу – "Кыргызстан коммерциялык банкы";
  • Дордой-2 конушу – "Кыргызстан коммерциялык банкы";
  • Мурас-Ордо конушу– "Оптима Банкы";
  • Ала-Тоо конушу– "РСК Банкы";
  • Калыс-Ордо конушу – "Финка Банкы";
  • Көк-Жар конушу – "ФинансКредитБанкы".