Сөөктөрүм сынды. Холли Берри Валентина Шевченконун соккулары тууралуу

Голливуд жылдызы "Сабалган" ("Оскорбленная") тасмасын тартуу учурунда UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун катуу соккусунан улам жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бул окуя тууралуу 53 жаштагы Холли Берри пандемияга байланыштуу веб-конференция форматында өтүп жаткан Жимми Фаллондун The Tonight Show ток-шоусуна айтып берди.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында америкалык актриса кино тартууну бир аз убакытка токтоткон. Тасманын продюсери Брайан Питтин айтымында, Берри мушташ кадрлары учурунда жеңил-желпи жаракат алган. Бирок кенен маалымат берилген эмес.

"Мен UFC уюмунун чыныгы чемпиону Валентина Шевченко менен мушташтым. Мен анын соккуларына туруштук беришим керек эле, натыйжада сөөктөрүм сынды. Мындан артык адамды тапмак эмесмин. Ал чын эле шумдук экен, бирок мага ушундай мыкты өнөктөш керек болчу", — деген Берри. 

"В синяках" (Bruised) тасмасы Жеки аттуу мушкер кыз (Холли Берри өзү ойнойт) тууралуу. Сценарий боюнча аял негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Мушкер "жашоодо колуман мушташтан башка эч нерсе келбейт" деп эсептеп жүрөт.

Августта кайтам! Валентина Шевченконун бутуна операция жасалды
Сызга отуруп калган Жеки карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы баласы менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот.

Аралаш мушташтын жылдызы, Жекинин башкы атаандашынын ролун Валентина Шевченко ойнойт.

Тартуу иши былтыр декабрь айында бүткөн. Кино ушул жылдын аягында жарыкка чыгары айтылган.