Стамбулдан алып келинген мекендештердин айрымдарынан коронавирус чыкты

Бишкекке чартердик рейс менен келген 200дөн ашык мекендеш учактан эле тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өткөн жумада Түркиянын Стамбул шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Бишкекке 200дөн ашык мекендеш чартердик рейс менен келген. Алар учактан эле тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн.

“Келгендердин баарынан лабораториялык анализ алынган. Арасынан COVID-19 жуктурганы тастыкталгандар дагы чыкты. Алар ооруканада дарыланып жатышат. Калгандарына тыкыр медициналык көзөмөл жүргүзүп, изоляторго кармап, кайра текшерип, жыйынтыгы терс экенин көрсөтсө үй карантинине чыгарабыз”, — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал жарандар 14 күн карантинге алынарын, анан дагы бир ирет лабораториялык анализ жасаларын кошумчалады. Ошону менен эле чектелбей, дагы 14 күнгө обочолонууга милдеттендирилип, жалпысынан 28 күнгө чейин медиктердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Стамбулдан кыргызстандыктардын дагы бир тобу алып келинет
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын 302си айыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.