Ош облусунда коронавирус жуктургандардын 70 пайызы сакайып кетти

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын дээрлик жарымы, 302 киши айыкканы маалым.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ош облусунда коронавирус жуктурган 154 адамдын 108и сакайып үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Бул статистика ооруканага жаткырылган бейтаптардын 70 пайызы айыкканын көрсөтүүдө. Учурда облустун 42 тургуну ооруканада дарыланууда, тилекке каршы, төртөө каза болуп калды.

“108 адамдын айыгып чыгышы жакшы тенденция деп ойлойбуз. Жарандарыбызды дагы бир чыдамкайлыкка чакырабыз, киргизилген режимди сактап үйлөрүндө отуруп берсе, ооруну жакын арада жеңебиз деген ишенич бар. Медиктерибиз күнү-түнү иштеп жатат”, — деди Жылкыбаев.

Коронавирустун кесепети

Үсөнбаев: Кыргызстан коронавирустун мизи кайтчу чекке жетип калды
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын дээрлик жарымы, 302си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.