Үсөнбаев: Кыргызстан коронавирустун мизи кайтчу чекке жетип калды

Азыркы тапта Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын дээрлик жарымы айыгып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан коронавирус менен ооругандардын жогорку чегине жетип калды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Модератор министрдин орун басарынан “айыгып чыккандардын соңку статистикасына карап, эпидемия ылдый түшүп бара жатат десек болобу?” деп сурады.

“Бул эпидемиологиялык көрсөткүчтөр сүйүндүрбөй койбойт. Өткөн суткада дагы 48 бейтап сакайып аман-эсен үйүнө чыгып кетти. Ал эми тыкыр текшерүүдө вирус 19 адамга жукканы аныкталган. Чыгарып кеткендер менен жаңы учурлардын айырмасы байкалды. Адис катары “муну менен оорунун бийик чегине жетип калдык” деп тастыктап айтсак болот деп ойлойм”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, кечээ коронавируска кабылган 38, бүгүн 48 бейтаптын айыгып чыкканы кабарланды.

Стамбулдан алып келинген мекендештердин айрымдарынан коронавирус чыкты
Азыркы тапта Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын дээрлик жарымы, 302си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналга баш багыңыз.