Жакшы кабар! Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын дээрлик жарымы айыгып чыкты

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 302 болду. Стационарда азыркы тапта 321 бейтап дарыланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 48 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 302 болду.

"Бир суткада коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылган бейтаптардын 14ү Бишкекте, экөө Нарында, жетөө Ош облусунда, 25и Ош шаарында", — деди Үсөнбаев.

Коронавирус эпидемиясын токтотуунун жалгыз жолу аталды
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 631ге жетсе, анын ичинен 302си айыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.