Коронавируска дагы 10 медицина кызматкери кабылды

Бүгүн вирусту жалпысынан 22 киши жуктурса, анын жарымы медиктер болуп жатат. Илдетке кабылган ак халатчандардын саны 157ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Вирус төмөнкү аймактагы медиктерден аныкталды:

  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Ош облусунда — 1;
  • Ош шаарында — 3;
  • Нарын шаарында — 1;
  • Бишкек шаарында — 3.

Бүгүн вирусту жалпысынан 22 киши жуктурса, анын жарымы медиктер болуп жатат. Илдетке кабылган ак халатчандардын саны 157ге жетти.