Буулуккан булбул жайын тапты... Эл уулу Элмирбек менен коштошуудагы ирмемдер

Sputnik

Акындардын төрөсүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп, ага президенттин кеңешчиси Султан Раев баштаган жетекчилер, кесиптештери, туугандары жана башкалар катышты.

Күйдүргөн, күлдүргөн, күттүргөн Элмирбек. Үзөңгүлөштөрүнүн эскерүүсү
Төкмө акын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн.

42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамы берилген.

1 / 12
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети дарты менен алышып жүрүп, 20-апрель күнү ооруканада көз жумду
2 / 12
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өттү
3 / 12
Коронавирус эпидемиясы болбогондо зыйнатына миңдеген адам келери айкын эле. Калдайган эли ага топурак сала албады...
4 / 12
Тууган-туушкандары кан жутуп, сыздап кала берди... Акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды
5 / 12
Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу экенин белгиледи.
6 / 12
Коштошуу тажыясына Жеңишбек Жумакадыр баштаган бир топ төкмөлөр келди. Алардын жан кейиткен кошоктору интернетке тарап жатат
7 / 12
"Өзү өлсө да, өнөрү өлбөйт" демекчи, Элмирбек Иманалиевдин да төкмөлүгү, акындыгы, обончулугу жана бир топ таланты элдин эсинде түбөлүк сакталары талашсыз
8 / 12
Зыйнатына келген Садык Шер-Нияз: "Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн. Элмирбек ырдын пири, элдин гүлү болду", - деди
9 / 12
Алп акындын дүйнөдөн өтүшү көп кишинин кабыргасын кайыштырып турганы билинип, сезилип турду
10 / 12
Эл уулун акыркы сапарга узатууга кыйбай ичи ачышып турду. Элмирбекке алакан жайып, куран окуп каларын көпчүлүктүн үч уктаса да түшүнө кирген эместир.
11 / 12
Ишенип-ишенбеген оор мүнөттөр... Акындын сөөгү унаага салынып жаткан учур
12 / 12
Иманалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Ал Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген.