Элмирбек акын менен коштошуу зыйнаты башталды. Сүрөт

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды.

Тажыя маркумдун Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат.

Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу экенин белгиледи.

“Президент өзү келейин деди эле, бирок азыркы кырдаал ушундай болуп калды. Бүгүн элибиз, чыгармачыл чөйрөбүз бир канатынан ажырады. Буга чейинки кыргыздан өткөн залкарларды бүгүн кайра бир жолу жоготкондой болуп турабыз. Анткени Элмирбек ошол таланттардын баарын өзүнө камтып жүрчү”, — деди Раев.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Элмирбек акындын көп кырдуу таланты тууралуу айтып, аз жашаганына токтолду.

Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
"Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн. Элмирбек ырдын пири, элдин гүлү болду. Кайсы жерге барса дагы кыргыздын намысын түшүргөн жок. Кыргыздын маданиятын, тарыхын бийик көтөрүп, улуу сереге жеткирип жүрдү", — деди Шер-Нияз.

Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

Иманалиев 42 жашта болчу. Артында үч уул, үч кызы калды. Эки небереси бар.