Карантин учурунда адамдар аз кыймылдагандыктан тамакты да азайтуусу зарыл. Мисалы, чоң адам орточо эсеп менен 2500-3000 килокалорийге чейин азыктанса болот. Бул тууралуу Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Тамак-аш — адамзатка күч-кубат берчү булак болуп эсептелет. Карантин учурунда кыймыл-аракетке дагы чектөө коюлууда. Бирок тамактануу үзгүлтүксүз жана жок эле дегенде беш саат сайын, күнүнө үч маал болушу зарыл. Ошондой эле кыймыл азайып жатканына байланыштуу, тамакты дагы азайтуу керек. Болбосо, организмдин ашыкча энергияны майга айлантып, сактап койгон функциясы бар. Анда келбет бузулуп, адам семирип кетет. Кыймылы аз, энергияны көп ысырап кылбаган адам орточо эсеп менен 2500-3000 килокалорий колдонсо жетиштүү. Ал эми кара жумуш менен алектенип, көп кыймыл жасагандар 4500 килокалорий же болбосо эки эсе көп тамактанышы керек. Демек азыр кыймыл чектелүү болуп жаткан карантин учурунда азыраак тамак жеш керек. Бирок аз жана саз болуп, эң негизги белок, углевод, майлар камтылуусу зарыл. Мындан тышкары, витаминдүү жана ар түрдүү тамактанууга аракет кылуу зарыл", — деди Уезбаев.
Ошондой эле ал тамактанган соң дене көнүгүүлөрдү жасап туруу зарыл экендигин кошумчалады.