Азык-түлүк жаатындагы коркунучту сездик. Абылгазиев дыйкандар менен сүйлөштү

Мухаммедкалый Абылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөштү.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү абалга карабастан дыйкан, фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери менен таанышып жатып айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Абылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөшкөн.

"Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө өлкө кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрүп жатабыз. Саламаттыкты сактоо системасынын дараметинин начардыгынан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу боюнча коркунучту сездик. Ошондуктан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин алгачкы күндөрүнөн тарта жазгы талаа иштерин тиешелүү деңгээлде жана өз убактысында жүргүзүү тапшырмасын койгом", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин баса белгиледи.

Өзгөчө абал киргизилген Кара-Суу менен Ноокатта талаа иштери аяктап калды
"Өлкө азык-түлүк менен өзүн өзү камсыздашы керектигин баарыбыз түшүндүк. Айыл чарбасына болгон мамилени өзгөртүүгө убакыт келди. Айрыкча, бул импорттун ордун алмаштыруу саясатына тийиштүү. Өлкөдөгү абалга карабастан, дыйкандар жана фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Жазгы талаа иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү абзел. Калктын азык-түлүк менен камсыз болушу, мамлекетти чыңдоо сиздердин эмгектен мурда болуп көрбөгөндөй көз каранды", —деди премьер-министр.

Ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жазгы талаа иштерин тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө конкреттүү тапшырмаларды берген.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Анын ичинен 216сы айыгып, жетөө каза болду. Ошондой эле 147 медицина кызматкери да оору менен алышууда.

Айыл чарба техникаларынын тетиктерин саткан түйүндөр уюштурулду
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.