Кыргызстанда дары-дармектер 20 пайызга чейин кымбаттады. Себептери

Учурда өлкөгө Кытайдан жана Россиядан дары-дармек алынып келүүдө. Бардык чек аралар ачылса баалар жөнгө салынышы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк пандемия жана доллар курсунун жогорулашына байланыштуу Кыргызстанда дары-дармектин баасы 20 пайызга жогорулады. Бул туурасында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Индия менен каттамдар толугу менен жабылгандыктан айрым дары каражаттарына таңкыстык жаралган.

"Дарыларды алып келүү кыйынга туруп калды, мурда бир килограммдын жол акысы үч-төрт доллар болсо азыр 7-8 долларга көтөрүлдү. Ошого карабастан медициналык каражаттарды алып келген компаниялар менен сүйлөшүп, маселени чечип жатабыз. Бүгүнкү күндө өтө чоң дефицит жок, бирок 15-20 пайызга чейин кымбаттады. Буга жол акысы жогорулаганы, ага кошумча доллар менен евронун курсу өскөнү таасир этти", — деди Асанов.

Ал ошондой эле баалардын жогорулашы убактылуу экенин кошумчалады. Чек аралар ачылгандан кийин кайра арзандашы ыктымал. Адистин айтымында, учурда өлкөгө Кытайдан жана Россиядан дары-дармек алынып келүүдө.

Мындан сырткары Асанов айрым препараттардын баасы кескин жогорулаганын байкагандар болсо Дары-дармек менен камсыздоо департаментине жана Финансы полициясына кайрылууну сунуштады.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201и айыгып, жетөө каза болду. 140 медицина кызматкеринен да COVID-19 аныкталган.

Өкмөт атамекендик ишкерлерге бет кап экспорттоого уруксат берди
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.