Көп жерде коменданттык саатты бешке жетпеген киши бузду. Жалпы статистика

Тартипти адаттагыдай эле Бишкекте көп бузушкан. Ал эми калган шаарларда жана райондордо эреже сактабагандардын саны бешке жеткен жок.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кечээ кечинде жана түндө республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 81 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Адатта коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат. Белгилей кетсек, Нарын жергесине коменданттык саат 15-апрелден тарта кирди. ӨА режими буга чейин иштеп келген аймактарда айдын этегине чейин узарган.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 66;
  • Жалал-Абад шаарында — 4;
  • Ош шаарында — 3;
  • Сузак районунда — 2;
  • Ноокат району — 1;
  • Нарын шаары — 4;
  • Ат-Башы району — 1.

Ал эми Кара-Суу районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2970 адам кармалды.