БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда жеке лабораторияларда ПЦР-тест тапшыруунун баасы 2 миң сомдон жогору болорун айтты.
Андан журналисттер качантан баштап жеке лабораторияларда анализ тапшырса болорун жана анын баасы канча турарын сурашты.
"Мындай анализ тапшыруу бүгүн-эртең башталат. Жеке менчик ири лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын базасында иштөөгө киришти. Бир анализ алууга кетчү чыгым 2 миң сомдон бир аз жогору болот”, — деди Үсөнбаев.
Коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 568ге жетти. Ошондой эле өткөн суткада эки адам каза таап, коронавирус аныкталып көз жумгандар жетөө болду.
Белгилей кетсек, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.