Ат-Башынын айылдары дельталёт менен асмандан дезинфекцияланат

Облус жетекчисинин билдиришинче, азыркы тапта бардык айылдарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең Ат-Башы районунун айылдарын дельталёт менен учуп дезинфекциялашат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда облустун бардык айылдарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

“Биз дельталёт, дрондорду алуу боюнча Айыл чарба министрлиги менен сүйлөштүк. Буюрса, эртең алып келинет. Аны менен Ат-Башынын бардык айылдарынын үстүнөн учуп дезинфекциялайбыз”, — деди облус жетекчиси.

Белгилей кетсек, Нарын облусунда 68 адам COVID-19 жуктурганы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Ат-Башы районунун тургундары.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, жетөө каза болуп калды.

Жалал-Абад: дезинфекциялоо иштери асмандан жасалууда. Сүрөт, видео
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.