Кыргызстанга Польшадан 8 медицина кызматкери келди. Сүрөт

Польшалык медиктер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында болуп, коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Польшадан 8 медицина кызматкери келгенин Республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстанга Польшадан 8 медицина кызматкери келди. Сүрөт

Маалыматта дарыгерлердин тобу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен жөнөтүлгөнү айтылат.

"Польшалык медиктер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында болуп, коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт. Мындан тышкары, эки өлкө адистеринин тажрыйба алмашуусу каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз тараптын өтүнүчү менен Кытайдан да 15 дарыгер келген болчу.

COVID-19 өлкөнүн кайсы райондоруна жетти? Ойго салган статистика
Ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 554кө жетти. 144 киши айыгып, бешөө каза тапты.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.