Нарында жайлоого кантип көчсө болот? Комендант жол-жобосу тууралуу

Комендант элди жайлоого көчүрүү боюнча Нарын районунун акими менен сүйлөшкөнүн айтып, малчыларды бир убакытта тоого кетирүү пландалып жатканын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Нарында жайлоого көчүү үчүн санитардык-карантиндик посттордон өтө албай жаткандар үчүн Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жол-жобосун түшүндүрдү.

Ал бүгүн онлайн маалымат жыйын куруп, жарандардан келген суроолорго жооп берди.

Нарын коменданты: дааватчылыкка чектөө киргизүүгө сунуш берип жатабыз
"Жайлоого чыгуу үчүн маршруттук баракча даярдаңыз. Кайсы жайлоого каяктан көчө турганыңыз көрсөтүлсүн. Мал доктурдан ар бир жандык үчүн эмдөөдөн өткөн деген справка алыңыз. Биз бул боюнча Нарын районунун акими менен сүйлөшүп, жарандардын көчүү-конуу иштерин бир убакытта кылалы деп жатабыз", — деди Аалиев.

Аймактагы эпидемиологиялык абалдан улам Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна 15-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилген. Ушул тапта Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны 67ге жетти.

Ал эми жалпы өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.