Нарын коменданты: дааватчылыкка чектөө киргизүүгө сунуш берип жатабыз

Буга чейин Нарын шаарына Пакистандан дааваттан келип, коронавирус жуктурган жаранга санитардык-карантиндик эрежени сактабагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Дааватка чыгууга чектөө киргизүү боюнча сунуштарды берип жатабыз. Бул туурасында брифинг учурунда Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Маалымат жыйын учурунда окурмандан "мындан кийин дааватчылыкка чектөөлөр болобу?" деген суроо келген.

"Биз дааватчылыкка чектөөлөр боюнча мыйзамдын өзгөрүүсүнө сунуштарды берип жатабыз. Бул боюнча кийинчерээк маалымат берилет", — деп жооп берди Аалиев.

Комендант: каттоосу барлар дагы Нарын шаары менен Ат-Башыга кире албайт
Аймактагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна 15-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилген. Ушул тапта Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны 67ге жетти.

Буга чейин Нарын шаарына Пакистандан дааваттан келип, коронавирус жуктурган жаранга санитардык-карантиндик эрежени сактабагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ошондой эле санитардык-карантиндик эрежени сактабаганы аныкталса, Ат-Башы районундагы эки дааватчыга да кылмыш иши козголору айтылды.