Көбөйүп баратат... Кыргызстанда коронавирус жуктурган медиктердин саны 134 болду

Бир суткада коронавирус жуктуруп алган медиктердин ичинен төртөө Бишкекте, экөө Ош облусунда, үчөө Ош шаарында, төртөө Жалал-Абадда, бирөө Баткенде, төртөө Нарын облусунда.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 19-апрелге карата бир суткада 18 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алган медиктердин жалпы саны 134кө жетти.

"Бир суткада коронавирус жуктуруп алган медиктердин ичинен төртөө Бишкекте, экөө Ош облусунда, үчөө Ош шаарында, төртөө Жалал-Абадда, бирөө Баткенде, төртөө Нарын облусунда. 18дин ичинен жетөө дарыгер, калганы медайым, кичи медицина кызматкерлери", — деди Үсөнбаев.

Коронавируска эң көп селсаяктар кабылды. Сан-Францискодо окуган Уландын маеги
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.