Индонезия, Таиланд, Вьетнамдан 32 кыргызстандык мекенге алып келинди

Алгач КР жарандары Усть-Каменогорск шаарына конуп, жергиликтүү санаторийге эки күнгө текшерүүгө киргизилген. Андан соң атайын уюштурулган транспорт менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда мекенге алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Индонезия, Таиланд, Вьетнамдан 32 КР жараны өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бул 32 жаранды алып келүү ишине КР ТИМи, Казакстан, Малайзия, Түштүк Корея өлкөлөрүндөгү кыргыз элчиликтери жана Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулдук тартылган.

"Мекендештерди өлкөгө алып келүүгө Казакстан да көмөктөшкөн. Анда чартердик каттам "Бангкок — Денпасар — Ханой — Усть-Каменогорск" маршруту боюнча уюштурулган. Алгач КР жарандары Усть-Каменогорск шаарына келип, жергиликтүү санаторийге эки күнгө текшерүүгө киргизилген. Андан соң атайын уюштурулган транспорт менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда мекенге алып келинди", — деп айтылат маалыматта.

Нарын коменданты: дааватчылыкка чектөө киргизүүгө сунуш берип жатабыз
Азыркы тапта чет өлкөлөрдөн келген мекендештер медициналык мекемелердин биринде обсервацияда.

Сырттан кыргызстандыктарды алып келүү иштери уланууда.

Буга чейин чартердик каттам менен Стамбулдан 212 кыргызстандык алып келинген. 26-апрелде Дубайдагы мекендештерди кайтаруу пландалууда.

Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатканы айтылган.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын саны 554кө жетти.

Анын ичинен 134ү медицина кызматкерлери. Илдеттен 133 адам айыгып чыкса, бешөө көз жумду.

Россия мекенине кете албай калган мигранттардын шартын жеңилдеткени жатат
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.