Сүйүнчү! Бишкекте коронавирустан дагы 10 бейтап сакайды, экөө дарыгер

Штаб бул маалымат 20-апрелге карата статистикага киргизилерин эскертти. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 144кө жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өлкөдө коронавирустан дагы 11 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, сакайгандардын 10у Бишкектен болсо, бирөө Баткенден.

Сүйүнчү! Бишкекте коронавирустан дагы 10 бейтап сакайды, экөө дарыгер
"Бишкекте Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты. Алардын ичинен бирөө эпидемиолог. Мындан тышкары, Баткенде COVID-19 вирусун биринчи жуктурган жугуштуу оорулар дарыгери дагы сакайып чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Штаб бул маалымат 20-апрелге карата статистикага киргизилерин эскертти. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 144кө жетти.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын саны 554кө жетти. Анын ичинен 134ү медицина кызматкерлери. Илдеттен 144 адам айыгып чыкса, бешөө көз жумду.

Индонезия, Таиланд, Вьетнамдан 32 кыргызстандык мекенге алып келинди
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефодорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.