Трамп: ДССУга бере турчу 500 млн. долларды зарыл нерсеге жумшайбыз

Шейшемби күнү Трамп ДССУга каражат бөлүүнү токтотуп жатканын айткан. Ал мындай чечимин "уюм коронавирус тууралуу өз убагында маалымат бербей койгону" менен түшүндүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп администрациясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жыл сайын жардам катары бөлүнгөн 500 миллион долларды эмнелерге коротууну ойлонуштуруп жатканын билдирди. Бул эгерде Америка ДССУну каржылоону толугу менен токтотсо ишке ашарын РИА Новости жазды.

Алмак-салмак таратылган билдирүү. Трамп COVID-19 боюнча Кытайга таш ыргытты
"Эгер биз ДССУну каржылоону токтотууну чечсек, анда бул каражатты өз муктаждыктарыбызга жумшай алабыз", — деген ал.

Шейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп ДССУга каражат бөлүүнү токтотуп жатканын жар салган. Ал мындай чечимин "уюм коронавирус тууралуу өз убагында маалымат бербей, дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирбей койгону" менен түшүндүргөн.

Трамптын мындай кадамын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш сынга алган.