Стамбулдан келген 212 кыргызстандык учактан тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлдү

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери сүйлөшүп, жарандарды эвакуациялоо боюнча чартердик каттамдарды уюштуруу маселесин талкуулашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. – Sputnik. Бүгүн, 17-апрелде, 212 кыргызстандык Стамбулдан Бишкектеги “Манас” аба майданына келип конду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мекендештер атайын чартердик рейс менен алып келинди.

“Коопсуздук үчүн жүргүнчүлөр аэропорттун имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү”, — дешти штабдан.

Буга чейин жарандар “Ак кеме” мейманканасындагы көзөмөл жайына жиберилери кабарланган.

Үч күн тура албай ыйладым. Коронавирус жуктурган медиктин жан азабы
Кечээ, 16-апрелде, Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүп, эки өлкөнүн жарандарын эвакуациялоо боюнча чартердик каттамдарды уюштуруу маселесин талкуулашкан.

Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатканы айтылган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.