Оштун милициясы эки дезинфекциялоочу туннель белекке алды

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов мындай туннелдерди ооруканаларга жана адам көп келүүчү жайларга да орнотуу пландалып жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына эки дезинфекциялоочу туннель орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эми милиция кызматкерлери жумушка ушул туннель аркылуу өтмөкчү.

"Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов мындай туннелдерди ооруканаларга жана адам көп келүүчү жайларга да орнотуу пландалып жатканын айтты. Алар "Мекеним" улуттук кыймылы тарабынан берилген. Бул кыймылдын активисттери Шаардык ички иштер башкармалыгына 400 атайын коргоочу формаларды жана беш миң коргоочу бет кап да тапшырышты", — деп айтылат маалыматта.

Элеттиктерди бириктирген COVID-19. Айылдагы постко бир түн турган жигиттин баяны
Буга чейин бишкектик ишкерлер унааларды жана жөө адамдарды дезинфекциялоочу туннель даярдап, шаарга белек кылышкан

Өлкөдө абал ушу тапта кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан билүүгө болот

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.