Кыргызстандыктар май айында беш күн катары менен эс алары күтүлүүдө

Эгер Кыргызстанда карантин 30-апрелде бүтсө, мамлекеттик кызматта иштегендер жумушка 6-майда чыгышат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров билдирди.

Анын айтымында, эгер Кыргызстанда карантин 30-апрелде бүтсө, мамлекеттик кызматта иштегендер жумушка 6-майда чыгышат.

"1-майдагы майрам жума күнгө туш келип калат экен. Андан соң 2-3-май ишемби, жекшемби. 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылдырылган. Себеби 9-май ишемби күнгө туш келип калгандыктан, дүйшөмбү 11-май эс алуу күнү болмок. 5-май кайра майрам болгондуктан, маморгандар жумушка 6-майда чыгып калышат. Ал эми 11-майда кадимкидей иш күнү", — деди Ойтемиров.

Улуу Жеңиш майрамындагы иш-чаралардын программасы өзгөрөт
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.