Кыргыз ашканасынын рецепттер китеби эл аралык сынакта 3-орунду ээледи

Китептин авторлору ар кандай азыктардын жардамы менен эл оозуна алынган белгилүү тамактарды эксперимент кылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргыз ашканасынын рецепттер китеби "Гурман" (Gourmand World Cookbook Awards) эл аралык сыйлыгынын "Жибек Жолу" категориясында үчүнчү орунду алды. Бул премия кулинардык тармакта "Оскарга" тете сыйлык экендигин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) сайты жазды.

Конкурс 1995-жылдан бери дүйнө жүзүндөгү мыкты кулинардык басылмаларды топтоп келет.

Оңой жана даамдуу: таңдайды такылдаткан чак-чак кантип жасалат. Видеорецепт
Кыргыз ашканасынын рецепттери менен китеп түзүү идеясы “Өндүрүмдүү социалдык келишим / Нак акча +” пилоттук долбоорун жүзөгө ашыруу учурунда келип чыккан. Ал Россия тарабынан каржыланган “Азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана тамактанууну жакшыртуу үчүн потенциалды жогорулатуу” аттуу ири долбоордун бөлүгү болуп саналат. Максаты — Борбор Азия менен Кавказ мамлекеттеринин тамактануусуна көңүл буруу.

Авторлор ар кандай азыктардын, тагыраагы, жемиш, жашылча, буурчак жана көк чөптөр менен элдин оозуна алынган белгилүү тамактарды эксперимент кылып, өркүндөтүүнү чечишкен.

Китеп ФАО уюмунун, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, "Роза Отунбаеванын демилгеси" өнөктөш уюмунун жана Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундарынын ортосундагы кызматташуунун алкагында даярдалган.