Бүгүн Бишкекке Стамбулдан 212 кыргызстандык учуп келет

Жүргүнчүлөр алып келинери менен "Ак кеме" мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат. Өкмөт чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иштери уланарын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, келе турчу жүргүнчүлөрдүн баары түз эле "Ак кеме" мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.

"Өкмөт чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу ишин улантат", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 16-апрелде, Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүп, эки өлкөнүн жарандарын эвакуациялоо боюнча чартердик каттамдарды уюштуруу маселесин талкуулашкан.

Жээнбеков мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарга кайрылды
Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатканы айтылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 489га жетти. Анын ичинен 114ү айыгып, бешөө көз жумган. 116 медиктен коронавирус табылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.