Бишкектеги айрым банктардын иш графиги өзгөрдү. Тизме

Өзгөчө абал соңуна чыкканга чейин Sputnik Кыргызстан бир катар ишкана, мекемелердин иш тартиби тууралуу маалыматтарды чыгарып, өзгөрүүлөр болгон учурда жаңылап турат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын айрым жерлерине өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу ишканалар жабылып, күнүмдүк турмушка өтө зарыл болгондору иш тартибин өзгөртүп иштеп жатышат.

Бишкектеги айрым банктардын иш графиги өзгөрдү. Тизме

Республикалык штаб дарыкана, оорукана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн тышкары, өтө зарыл болгон учурда банкка дагы барууга мүмкүн экенин айткан. Үйдөн чыгаардан мурда банктардын ӨА учурунда иштөө режими тууралуу билип алуу керек. Мындан тышкары жаран жанына алып жүрүүгө милдеттүү болгон маршруттук баракчанын үлгүсүн көрсөтүшү зарыл.

Sputnik Кыргызстан Бишкек шаарындагы банктар кайсы учурда иштеп жаткандыгы тууралуу мурда жазган. Ал эми акыркы маалыматтарга караганда, бул аптанын дем алыш күндөрү иштеген банктар бир аз болсо да көбөйө түштү. Ошондой эле иш убактысын узарткандар дагы бар.

Баса, үйдөн чыгуудан кооптонсоңуз же мүмкүнчүлүк болбосо, дээрлик бардык банктар интернет аркылуу дистанциондук кызматтарды сунуштап жатышат. Кененирээк маалыматты алардын расмий сайттарынан карап алсаңыз болот.

Коронавирустун кесепети

Карантинде жардам сурап кайда кайрылса болот? Өлкө боюнча керектүү номерлер
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 489га жетип, анын 114ү айыгып чыкты. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары Sputnik редакциясы карантин учурда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.