ЖМК: АКШда Ак үй эвакуацияланышы ыктымал. Атайын отряд даярдалды

Атайын корпус 106-авиациялык батальондун Blackhawk тик учактары менен корголгон. Алар атайын эвакуациялоого ылайыкташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Коронавирустан улам АКШнын Вашингтондогу Ак үйү эвакуацияланышы ыктымал. Ал үчүн бийлик атайын бөлүктү мобилдештирип койду. Бул тууралуу Newsweek журналына таянып, РИА Новости кабарлады.

Буга чейин Колумбиянын мэри Мюриэл Баузер коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан өзгөчө абал режимин дагы бир айга узарткан.

Коронавирус Вашингтондо да кулачын жайып кетет деген коркунуч бар. Мындан улам өкмөттүн иши үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн.

АКШ коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алууга камынууда
Басылманын билдирүүсүнө караганда, 16-мартта 10 миң жоокерден турган атайын отряд уюштурулган. Бул бөлүк АКШнын борборун эле коргобостон, Ак үй баш болгон бир катар негизги мекемелерди коопсуз жерге жайгаштырууга даяр болушу керек.

Макалада жазылгандай, атайын корпус 106-авиациялык батальондун Blackhawk тик учактары менен корголгон. Алар атайын эвакуациялоого ылайыкташкан. Маалыматта бул бөлүктүн офицерлери Пентагондун жетекчилигин дагы ыкчам эвакуациялоо боюнча комплекстүү план түзүп жатканы айтылат.

Лидерлерди эвакуациялоонун шарт-талабы Atlas кошумча протоколунда жазылган. 

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп жуктуруп алгандар жана каза болгондор АКШда. Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 аныкталган 654 миң учур катталса, илдеттен 31 миң адам көз жумган.