Кытай коронавирус Ухандагы лабораториядан тараган деген кепти төгүндөдү

Америкалык телеканал эң биринчи коронавирус жуктурган адам Ухань шаарындагы Вирусология институтунун лабораториясында иштегенин маалымдаган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Fox News телеканалынын коронавирус алгачкы жолу адамга Ухандагы лабораторияда жуккан деген малыматын төгүндөп чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, кечээ америкалык бул канал эң биринчи коронавирус жуктурган адам Ухань шаарындагы Вирусология институтунун лабораториясында иштегенин маалымдаган. Ошол эле учурда ал лаборатория эч кандай биологиялык курал жасабастан, жөн гана вирусту иликтеп жатып кокустук болуп кеткени айтылган.

"Вирус лаборатория шартында адамга жуккан деген айыптоолорго эч бир илимий негиз жок. Бул жалган маалымат”, — деди Чжао Лицзянь.

Коронавирус тууралуу

ЖМК: коронавирусту биринчи жуктурган адам Ухандагы лабораторияда иштеген
Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, 16-мартка караганда түнү аны жуктургандардын саны жер жүзүндө 2 миллион адамдан ашты

Учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери ага каршы вакциналарды жана дары-дармектерди жасоо менен алектенүүдө.