Министрлик: кан борборлоруна донорлорду атайын унаалар ташууда

Донорлордун кескин төмөндөшүнө карабастан, бүгүнкү күндө бардык кан борборлорунда жетиштүү көлөмдө кан компоненттери жана препараттар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү кан борборлору штаттык режимде жана дем алышсыз иштеп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр: болгону 22 вирусолог бар, азыр студенттерди да тартып жатабыз
Ага ылайык, COVID-19 кырдаалында донорлорду борборго атайын унаалар менен алып келип, кайра жеткирип жатышат. Ал эми туруктуу донорлор кезек-кезеги менен чакыртылып, санитардык-карантиндик посттордон өткөнгө жардам берилүүдө.

Донорлордун кескин төмөндөшүнө карабастан, бүгүнкү күндө бардык кан борборлорунда жетиштүү көлөмдө кан компоненттери жана препараттар бар экендиги кошумчаланды.

Өлкөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан таанышсаңыз болот

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.