БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, беш медиктин төртөө Бишкек шаарынан, бирөө Нарын облусунан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 104 медицина кызматкери катталган. Анын ичинен 26сы дарыгер, 44ү орто медицина персоналы, 17си кичи медицина персоналы, ал эми дагы башка медицина кызматкерлеринин саны 14 экени айтылды.
Эртең мененкиге алынган маалымат боюнча, Кыргызстанда дагы 17 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 466га жетти. 17 кишинин жетөө аял, 10у эркек киши.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.