Дагы 17 киши коронавирус жуктуруп алды. Кыргызстандагы абал

Кечээ биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште Жалал-Абадда вирустун жайылышын ооздуктоого мүмкүн болгонун айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Эртең мененкиге алынган маалымат боюнча, Кыргызстанда дагы 17 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурдун бешөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда, 11и Нарында катталган. Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 466га жетти. 17 кишинин жетөө аял, 10у эркек киши. 

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.