Жээнбеков: кооптуулук азайбаган жайлар чектелип, өзүнчө чечим кабыл алынат

Президент Кыргызстанда коронавирустан жаралган кырдаалдан улам аймактарда шарттар башкача болуп өзгөрүп, бир жагы жеңилдесе, бир жагы катууларын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптар жеңилдейт, ал эми коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режим болот. Бул туурасында президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатканда айтты.

Ал коронавирустан жаралган кырдаалдан улам аймактарда шарттар башкача болуп өзгөрүп, бир жагы жеңилдесе, бир жагы катууларын билдирди.

"Эми ар бир аймактагы кырдаалды кылдат иликтеп, даректүү иш-аракеттерди жасайбыз. Өкмөт, жергиликтүү бийлик менен кеңешип, акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптарды жеңилдетебиз. Ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш орундарын жоготпоо максатында айрымдарына уруксат берүү каралат. Бирок коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режимди колдонууга барабыз. Ошол эле учурда өлкөнүн сырткы чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, башка өлкөлөр менен болгон байланышты чектөөнү улантабыз", — деди мамлекет башчы.

Жээнбеков: баарыбыз бир кайыктабыз, муктаждар колдоосуз калбайт
Ал мындай чектөөлөр облустар, райондор арасындагы карым-катташка да тиешелүү экендигин айтты. Бул тартипти Кыргызстан да жалпы дүйнөдөгү кырдаал жакшырганга чейин сактоого мажбур болорун кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетип, анын 78и айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.