Масалиев: президент, төрага, премьер-министр 30 млн. сомдон эсепке которсун

Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөнүн биринчи адамдарынын ар биринин эсебинде 30 миллион сомдон сакталып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өлкөнүн биринчи адамдары атайын эсебиндеги каражатын коронавирус менен күрөшүүгө жумшашын сунуштады.

Депутаттын пикиринде, азыркы кырдаалда эсептеги акчаны кармап отуруу туура эмес.

"Бизде төрага, премьер-министр жана президенттин 30 миллион сомдон атайын эсеби бар. Менин сунушум ошол акчаны коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке которуу керек. Адамдар 1000 сомдон топтоп жатса, биз 30 миллион сомду өзүбүз бөлүп алмак белек... Бийик кызматта отурган үч жетекчи 30 миллион сомдон которуп берсин", — деди Масалиев.

Ал ошондой эле өзгөчө абал режими бүтмөйүнчө ЖК депутаттарынын маянасын гана калтырып, транспорт, командировка жана башка чыгымдардын акчасын атайын эсепке которуу керектигин кошумчалады.