Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус чыкты, 15и — медик

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары коронавирус инфекциясынын жайылуу чеги 20-24-апрелге туура келиши мүмкүн экенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 19 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы бейтаптардын саны 449га жетти.

"19 кишинин 12си Ош шаарында, бешөө Бишкекте, дагы экөө Ош облусунда катталды. 19 адамдын 15и — медик", — деди Үсөнбаев.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлер арасында 98 учур катталды.

Республикада абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.