Депутат: карантин башталгандан бери гемодиализдеги 15 бейтап каза болду

Мамашованын айтымында, бюджеттин эсебинен гемодиализ алууга дагы 150дөй киши кезекте турат. Алардын азыркы тапта абдан кыйналып жаткан учуру.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Карантин жана өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Кыргызстанда гемодиализдеги 15 бейтап көз жумган. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бюджеттин эсебинен гемодиализ алууга дагы 150дөй киши кезекте турат. Алардын азыркы тапта абдан кыйналып жаткан учуру.

"Бул бейтаптар гемодиализге байланган. Мындай кызматты көрсөткөн жеке менчик клиникалар бардык жабдуу, каражаттарды чет мамлекеттен алып келет. Бул бейтаптарга жардам же компенсация берүү маселесин чечсе болобу? Азыр доллардын курсу өсүп, анын кызмат көрсөтүү акысы да кымбаттады", — деди эл өкүлү.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов фирмалар менен сүйлөшүп, компенсация маселесин чечип берүүнү убадалады.

Карантинде жардам сурап кайда кайрылса болот? Өлкө боюнча керектүү номерлер
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетип, анын 78и айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна киргизилген өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узартылды. Өзгөчө абал режими Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.