Бишкекте коменданттык саатты кыскартуу чечими кабыл алынды

Буга чейин коменданттык саат 20:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин болчу. Азыр эми атайын буйрук менен эки саатка кыскарды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте коменданттык саатты кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу комендант Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин чектөө кечки саат 20:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин болчу.

Кыргызстандын банктары 46 миң адамдын кредит төлөө мөөнөтүн узартты
"Бишкек комендатурасы кырдаалга анализ жүргүзүп, чечим кабыл алды жана өзүнүн буйругу менен коменданттык сааттын убактысын кыскартты. Ага ылайык, бүгүн, 15-апрелден тарта чектөө 21:00дөн эртең мененки 6:00гө чейин киргизилет", - деди Орозалиев.

Ал ошондой эле дезинфекция иштери улантыларын кошумчалады.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.