Жаңыдан мандат алган жаш депутат Бешимбаева менен Ибраев ант берди

Жаңыдан кызматка киришкен депутаттар Осмонбек Артыкбаевдин жана Аида Исмаилованын ордуна келишкени маалым.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутатынын мандатын алган Айгерим Бешимбаева менен Самат Ибраев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ант берип, расмий түрдө кызматка киришишти.

Айгерим Бешимбаева “Республика — Ата Журт” фракциясынын тизмеси менен мандат алды. Ал вице-премьерликке дайындалган Аида Исмаилованын ордуна келди.

Ал эми Самат Ибраев Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Осмонбек Артыкбаевдин ордуна депутат болмокчу. 

Жаңыдан мандат алган жаш депутат Бешимбаева менен Ибраев ант берди

Артыкбаев Бишкек ТЭЦинин модернизациясына байланыштуу кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мандатынан ажыратылган.