Сурабалдиева: "вирус жок" деген саясатчыны бет капсыз ооруканага киргизгиле!

Буга чейин саясатчы Адахан Мадумаровдун "коронавирус жок, бул кимдир бирөөнүн ойлоп тапканы" деген тариздеги видеосу социалдык тармактарда талкууга алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева "коронавирус жок" деген таризде билдирүү жасаган саясатчыны сындады.

Эл өкүлү мындай пикир элди күмөндүү ойго кептеп, коронавирус менен күрөшүп жаткан органдардын ишин оорлоштуруп жатканына токтолду.

"Кээ бир саясатчыларыбыз "вирус жок" деп элдин башын айландырып жатат. Вице-премьер Аида Жекшенбаевна, сизден сураныч, ушундай адамдарды жугуштуу оорулар ооруканасына бет кабы жок экскурсия кылдыртып келиңиздер. Билесиз ким жөнүндө сөз болуп жатат. Мен Сокулукка барсам жөнөкөй жарандар "абройлуу киши айтты, чынында эле вирус жокпу" деп жатат. Ал саясатчы элге жагынам деп кайра мээсин айландырууда", — деди Сурабалдиева.

Мындан улам эл өкүлү түшүндүрүү иретиндеги роликтерди тартып жайылтууну сунуштады. Ал эми карантинге алынган адамдарга да эскертүү берүү керектигин айтты.

"Обсервацияда жаткандар "дене табым көтөрүлгөн жок, өзүмдү жакшы сезип жатам, эмнеге бул жакта жатканымды түшүнгөн жокмун" деп интервью берип жатат. Ошондой эле шишкебек сураган аялга окшогон адамдарга бюджеттен обсервацияларга канча миллион сом кетип жатат түшүндүрүп бериңиздер", — деди Сурабалдиева.

Буга чейин саясатчы Адахан Мадумаровдун "коронавирус жок, бул кимдир бирөөнүн ойлоп тапканы" деген тариздеги видеосу социалдык тармактарда талкууга алынган.

Коронавирустун кесепети

Шалаакылык! Депутат экс-министр Чолпонбаевди жазага тартууну сунуштады
Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га (230 аял, 200 эркек) жетти. Анын ичинен 71 адам айыгып чыккан, тилекке каршы, бешөө каза болуп калды. Ошондой эле 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.