Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктаган тесттерди бекер берет

Кыргызстандын бийлиги РФ өкмөтүнө COVID-19 менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирет.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. – Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга 200 топтом тест-система жөнөтмөй болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, тест-система Кыргызстанга жардам иретинде бекер берилип, 15-апрелде өлкөгө жеткирилет. Аны менен коронавирусту аныктоо үчүн 20 миң анализ алууга мүмкүн.

Кыргызстандын бийлиги РФ өкмөтүнө COVID-19 менен күрөшүүдө колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Коронавирус каттала элек 17 мамлекет бар. Тизме
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бүгүн, 14-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.