Өзгөчө абал режими узартылды. Эми өткөрмө кагаздарын жаңыртуу зарылбы?

Президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы жарлыгына ылайык, өзгөчө абал режими төрт шаарда жана төрт райондо 30-апрелге чейин уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу өткөрмө кагаздарынын мөөнөтү автоматтык түрдө узарат. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынан билдиришти.

Уруксат кагазга муктаж болгон жарандар 1312.tunduk.kg сайтына арыз калтыра алышат.

Депутат өзгөчө абалдын мөөнөтүн орозо бүткөнгө чейин узартууну сунуштады
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 430 учур катталып, 71 киши илдеттен сакайып кетти. Ал эми беш киши көз жумду.

Өзгөчө абал режими төрт шаарда жана төрт райондо 30-апрелге чейин уланат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.