Өткөн суткада өлкөдө COVID-19 жуктурган дагы 3 адам реанимацияга түштү

Кечээ, дүйшөмбү күнү, 11 бейтаптын абалы оор деп бааланып, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын тогузу реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Коронавирустан бир суткада 4 киши айыгып, сакайгандар жалпы 71 болду
Белгилей кетсек, кечээ, дүйшөмбүдө, 11 бейтаптын абалы оор деп бааланып, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган. Саламаттыгы начарлагандардын ичинде үч медик дагы бар.

Бүгүнкү маалымат боюнча, реанимацияга дагы үч адам которулганы белгилүү болду. Бирок алардын арасында дарыгерлер бар-жогу айтылган жок.

Ал эми вирус жуктурган 341 адамдын абалы туруктуу, ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда дагы 11 киши коронавирус жуктурганы аныкталды
Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га жетти. Анын ичинен 71 адам айыгып чыккан, тилекке каршы, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор. Катталган учурлардын ичинен 230у аял, 200ү эркек.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.